"ЦУМга окшош". ИИМдин оңдоодон өткөн имараты талкуу жаратууда
Бишкек шаарындагы Ички иштер министрлигинин имараты оңдоп-түзөө иштеринен өттү. Учурда анын сырткы көрүнүшү оңдолуп жатат.
Социалдык тармактардын колдонуучулары оңдоп-түзөөдөн өткөн министрликтин имараты ЦУМга окшошуп калганын айтып, кызуу-талкуулап жатышкан чагы.
Алардын арасында: "ЦУМ экен деп кирип кетпейли анан телефон сурап",- деп жазгандары да болууда.