SerepTV Logo

"Центерра" Кумтөр кенин жалган жалаа менен басып алуу болуп жатканын билдирди

"Центерра" Кумтөр кенин жалган жалаа менен басып алуу болуп жатканын билдирди

"Кумтөр" кенин кыргыз бийлиги тарабынан ээлеп алуу жалган маалыматтарга негизделген. Бул тууралуу канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынан билдиришти.

Анда жазылгандай, өлкө бийлиги "Кумтөр" кенин эксплуатациялоо учурунда экологиялык жана коопсуздук стандарттарынын бузулушуна байланыштуу бир катар туура эмес билдирүүлөрдү жасаган. Бул билдирүүлөр негизсиз жана көп жылдык инвестициялык келишимдерге жана колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык эч кандай негиз жок. "Биздин жетекчиликтин астында "Кумтөр" кени экологиялык, коопсуздук жана технологиянын эл аралык жогорку стандарттарына ылайык, Кыргыз жарандары иштеткен дүйнөлүк деңгээлдеги объект болгон", - деп баса белгилешет компаниядан. 

Өкмөт тышкы башкаруучу дайындагандыктан, "Кумтөр Голд Компани", "Центерра" мындан ары "Кумтөр" кенин көзөмөлдөбөйт, ошондуктан мындан ары кызматкерлердин жана кен казуу иштеринин коопсуздугун камсыз кыла албайт.

Маалыматта "Кумтөр Голд Компани" Кумтөр кенин эл аралык экологиялык жана социалдык стандарттарга ылайык иштеткендиги жана анын ишмердүүлүгү колдонуудагы мыйзамдарга жана Кыргыз өкмөтү менен түзүлгөн келишимдерге так ылайык келгендиги белгиленди.