SerepTV Logo

COVID. Бишкектеги ооруканалардагы бош орундардын саны

COVID. Бишкектеги ооруканалардагы бош орундардын саны
Бүгүн, 24-июлда саат 14:00гө карата алынган маалымат боюнча, Бишкектеги 18 стационарда 595 бош орун бар. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. - Курортология институтунда 169 орун; - Д.Асанов атындагы аскер лицейинде 107 орун; - Улуттук госпиталдын нейрокорпусунда– 46 орун; - Улуттук госпиталда 45 орун; - Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 30 орун; - №2 клиникалык төрөт үйүндө 29 орун; - №1 шаардык клиникалык ооруканада 28 орун; - Улуттук онкология жана гематология борборунда 26 орун; - Республикалык наркология борборунда 23 орун; - Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 17 орун; - Аскер госпиталында 15 орун; - Чүй облустук бириктирилген ооруканасында 13 орун; - Фтизиатрия борборунда (КММА, №6 жатакана) 13 орун; - Улуттук госпиталдын урология корпусунда 12 орун; - Улуттук госпиталдын мобилдик госпиталында 9 орун; - Улуттук кардиология жана терапия борборунда 6 орун; - №6 шаардык клиникалык ооруканада 4 орун; - Улуттук хирургия борборунда 3 орун бар; - Улуттук физиатрия борборунда орун жок.