SerepTV Logo

Коронавирустун күчөп жаткандыгына байланыштуу Улуттук банктын кызматкерлеринин жарымы үйдөн иштейт

Коронавирустун күчөп жаткандыгына байланыштуу Улуттук банктын кызматкерлеринин жарымы үйдөн иштейт
Улуттук банк 2-июлдан тартып айрым кызматкерлерин аралыктан иштөө режимине өткөрүүнү чечти. Бул тууралуу башкы банктын басма сөз кызматынан билдиришти. Чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынып, коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышын алдын алуу максатында бул чечим жетекчилик тарабынан кабыл алынган. Ошол эле учурда, Улуттук банктын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылган, анын функцияларын жана ыйгарым укуктарын аткарууга байланыштуу процесстер туруктуу режимде иштейт.
Unknown Author