SerepTV Logo

COVID-19. Вирустун Кыргызстанга жеткенине туура бир жыл болду

COVID-19. Вирустун Кыргызстанга жеткенине туура бир жыл болду
Коронавирустун Кыргызстанга жеткенине туура бир жыл болду. 2020-жылдын 18-мартында бийлик өлкөдө биринчи учур катталганын жарыялаган. Коронавирус жуктуруп алганы аныкталган алгачкы 3 кыргыз жараны Сауд Аравиядан кичи ажылыктан 12-мартта учуп келишкен.  Бул бейтаптар Сузак районунун тургундары болуп чыккан. Алар учуп келген аба каттамында 135 жүргүнчү болгон. Кыргызстанда вирус алгачкы жолу катталып, аныкталган соң 16 күн өткөндөн кийин биринчи өлүм катталган.  2-апрелде Ноокат аймактык ооруканасында COVID-19дан 61 жаштагы бейтап каза тапкан. Бир жыл ичинде Кыргызстанда вирус жугузгандар 87 миңден ашты. Алардын ичинен 84 миңге жакыны айыгып чыкты. 1485 жаран каза тапты. Алардын ичинен 106 киши  медициналык кызматкер болгонун Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Unknown Author