COVID-19 вакцинасын кимдер акысыз алышат?
Коронавируска каршы Улуттук эмдөө программасы иштелип чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде билдирди.
Анын айтымында, биринчи кезекте дарыгерлерге, мугалимдерге, чек арачыларга, башкача айтканда, көпчүлүк менен байланышта болгон кызматкерлерге эмдөө жүргүзүлөт.
«Келечекте өнөкөт оорулары бар адамдар жана 65 жаштан жогору адамдар эмдөөдөн өтүшөт. Ыктыярчылар үчүнчү этапта эмделет», - деди министр. Ал бардык баскычтарда эмдөө ыктыярдуу түрдө жана акысыз жүргүзүлөөрүн билдирди.