Коронавирустун тарашы боюнча Бишкек "кызыл зонага", Чүй "сары аймакка" кирди
Бишкек коронавирустук инфекциянын тарашы боюнча "кызыл аймакка" кирди, ал эми Чүй облусу "сары аймак" болду. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг учурунда билдирди.
Бектургановдун айтымында, акыркы суткада өлкөдө инфекцияны 124 адам жуктуруп алганы аныкталды, анын 77си Бишкекте болсо, 43ү Чүй облусунда, калганы башка аймактардан.
«Мониторингдин жыйынтыгы менен Бишкек "кызыл аймакка", Чүй облусу "сары", ал эми калган облустар "жашыл аймакка" кирди», - деди Бектурганов.
Анын айтымында, 6-апрелден тарта Бишкек менен Чүйдө кошумча орундар ачылды. Бишкектеги Улуттук госпиталда - 110, анын 10у интенсивдүү терапияда, Чүй облусунда - 55, анын 5и интенсивдүү терапияда. 927 дарыгер, 192 орто медициналык персонал, 134 ординатор, 98 техникалык персонал камдуу турат.