SerepTV Logo

COVID-19: Сутка ичинде каза болгондор катталган жок

COVID-19: Сутка ичинде каза болгондор катталган жок
Бир сутка ичинде пневмонияны эсепке алганда коронавирус инфекциясы 34 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штаб билдирди. Вирустун жаңы табылган учурлары төмөнкү аймактарда катталды: Бишкек — 19 Чүй облусу — 2 Ош облусу — 2 Нарын облусу — 6 Ысык-Көл облусу — 5 Илдет илээштиргендердин бирөө — медицина кызматкери. Ал эми бир суткада үй карантининен 1 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 4196 учур катталды, алардын ичинен 4118 медкызматкер сакайды. Акыркы суткада 69 бейтап COVID-19 илдетинен сакайып чыкты: Бишкек — 21 Ош — 3 Чүй облусу — 19 Ош облусу — 3 Нарын облусу — 5 Ысык-Көл облусу — 10 Жалал-Абад облусу — 2 COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Белгилей кетсек, жалпы жыл башынан бери коронавирус жуктургандардын жалпы саны 85 475ке жетти. Анын 82 253ү сакайып чыкса, 1441 бейтап каза тапкан.
Unknown Author