SerepTV Logo

COVID-19. Кыргызстанга Германиядан дарыгерлер келди

COVID-19. Кыргызстанга Германиядан дарыгерлер келди
Бишкекке Берлин Шарите университетинин, Марциновский атындагы медициналык паразитология, тропикалык жана вектордук оорулар институтунун жана Германия эл аралык кызматташтык коомунун Германия тарабынан каржыланган биргелешкен медициналык миссиясы келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. "Миссиянын ишинин негизги багыттарынын бири бул Кыргызстандагы лабораторияларда коронавирустун ар кандай вариацияларын аныктоого үйрөтүү. Ушул максатта миссия биринчи кезекте коронавирусту ырааттуулук жана анализдөө жаатында колдоого алынуучу Улуттук маалымдама лабораториясы менен кызматташат. Мындан тышкары, Бишкек жана Ош шаарларындагы мамлекеттик лабораториялардын кызматкерлери диагностика жана биологиялык коопсуздук боюнча окутуулардан өтүшөт. Техникалык тажрыйбаны жана билимди өткөрүп берүүдөн тышкары, 50 миң ПЦР-тест жана экстракция топтому Кыргызстандын лабораторияларына берилет. Миссия ошондой эле керектүү тренингдер үчүн вирустук вариацияны ырааттуулукка келтирүүчү реагенттер менен камсыз кылат", - деп айтылат маалыматта. Германия Кыргызстан менен саламаттыкты сактоо жана экономикалык өнүгүүнү илгерилөө багыттары боюнча эки тараптуу кызматташтыкка катышат.