"Коронавирус жуктургандар аныкталды". Жаңы-Жер мектеби кайра онлайн режимине өттү
Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы мектепте коронавирус жуктургандар аныкталгандыгы үчүн мектеп онлайн режимине өткөрүлдү. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Сокулук райондук билим берүү башкармалыгы аталган айылдагы мектептин 8-класста окуган окуучусунун апасы коронавирус менен ооруп калганын айткан.
"Ошондуктан, 5-апрелден баштап ыкчам штабдын чечими менен билим берүү мекемеси онлайн режиминде окутууга өткөрүлөт. Карантин эки жумага - 17-апрелге чейин созулат", - деп түшүндүрүштү башкармалыктан.