Чүпүрөк, оюнчук, гигиена каражаттары... Бишкектин канализациясынан дагы эмнелер чыгат? (сүрөт)
Шаардыктар тарабынан "Бишкек суу канал" өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгына көп кайрылган суроолордун бири бул канализация тутумунун тыгыны. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
"Бишкек суу канал" өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгынын тобу ушул сыяктуу көйгөйдү чечүү үчүн Жал кичи районундагы 86-үйгө барышкан. Канализация тутумунун тыгылышынан улам көп кабаттуу үйдүн батирлеринин бирин суу каптаган. "Көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары тыгын пайда кылуучу гигиена каражаттарын, чүпүрөк, оюнчуктарды жана башка буюмдарды канализация тутумуна салууда. Мындай жоопкерчиликсиз мамиленин айынан көп кабаттуу үйлөрдүн бардык жашоочулары жапа чегүүдө", - деп айтылат маалыматта.