SerepTV Logo

Чүйдөгү жол кырсыкта каза болгон "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери жерге берилди

Чүйдөгү жол кырсыкта каза болгон "Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери жерге берилди
Чүйдөгү жол кырсыкта каза болгон "Түндүк электр" ишканасынын үч кызматкери бүгүн, 19-ноябрда жерге берилди. 1964-жылы туулган аял киши Кемин районундагы Нур айылына, 1980-жылы туулган аял киши Кызыл-Октябрь айылына, 1969-жылы туулган эркек киши Бейшеке айылына жерге берилди. 17-ноябрда Чүй облусунда жол кырсыгы катталып, анда жеңил унаа менен УАЗ сүзүшкөнү маалым болгон. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, 4 адам ооруканага жеткирилген. Кылмышка шектүү катары жеңил унаанын айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.