SerepTV Logo

Чүйдөгү дарыядан 35 жаштагы киши изделип жатат

Чүйдөгү дарыядан 35 жаштагы киши изделип жатат

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айылынан өткөн Чу дарыясына түшүп кеткен 35 жаштагы эркек киши эки күндөн бери изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Издөө иштерине бүгүн ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Аламүдүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №1 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 7 куткаруучу тартылды.

Кошумча издөө иштерине ИИМден 15 кызматкер, УКМКнын чек ара кызматынан 2 кызматкер, туугандарынан 4 адам тартылды.