SerepTV Logo

Чүйдө мектеп кызматкери пневмониядан каза болду

Чүйдө мектеп кызматкери пневмониядан каза болду
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Чыңгыз Айтматов атындагы №1 Новопавловка инновациялык окуу-тарбия лицей-комплексинин китепканачысы эки тараптуу пневмониядан улам көз жумду. Бул маалыматты Билим берүү министрлиги тастыктады. Алардын айтымында, мектеп эки жумага жабылган. Окуу онлайн режимине өткөрүлгөн. Учурда аталган лицей-комплексинде 5 миңге жакын окуучу окуйт.
edita