SerepTV Logo

Чүйдө курулуш дүкөнүнөн өрт чыкты (сүрөт)

Чүйдө курулуш дүкөнүнөн өрт чыкты (сүрөт)

Чүйдө курулуш дүкөнүнөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Аламүдүн районунун Ак-Бата конушунуна жакын айланып өтмө унаа жолунда жайгашкан курулуш дүкөнүнүн ичинде 300 куб тактай, устундар күйгөн. Өрткө чыгуу убактысы: 04:20, жетүү убактысы: 04:28. Өрт саат 05:36да чектөөгө алынып, 10:19да толук өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда, жабыркагандар жок.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="67725,67726,67727,67728"]