SerepTV Logo

Чүйдө изделип жаткан 17 жаштагы Анель Талайбекова табылды

Чүйдө изделип жаткан 17 жаштагы Анель Талайбекова табылды
Чүйдө изделип жаткан 17 жаштагы Анель Талайбекова Бишкектен табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 1-октябрь күнү Аламүдүн РИИБге жаран арыз менен кайрылып, 2007-жылы туулган Анель Талайбекова аттуу кызы 30-сентябрь күнү саат 22:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып барбаганын билдирген.