SerepTV Logo

Чүйдө эркек кишинин жансыз денеси табылды. Милиция атын тактоого жардам сурайт

Чүйдө эркек кишинин жансыз денеси табылды. Милиция атын тактоого жардам сурайт
Кечээ, 21-ноябрда саат 08:30 чамасында айланма жолдон 200 чакырым алыстыкта эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маркумдун атын тактоого мүмкүн болбой жатканына байланыштуу Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери коомчулуктан жардам сурайт. Белгилери: бою 170-175 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара, кыска. Кийген кийими: кара куртка, көк түстөгү кофта, кара спорттук шым, бутунда маасы, көлөчү менен. Өзгөчө белгилери: оң колу чыканактан ылдый жок. Кимде-ким жаранды тааныса, 0312 36 35 27, 0312 36 35 23, 0550 34 33 63, 0504 77 22 77 номурлары менен байланышсаңыздар болот. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="84821,84822"]