SerepTV Logo

Чүйдө 17 жаштагы Анель Талайбекова дайынсыз болуп жатат

Чүйдө 17 жаштагы Анель Талайбекова дайынсыз болуп жатат
Аламүдүн районунда дайынсыз жоголгон жаран изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 1-октябрь күнү Аламүдүн РИИБге жаран арыз менен кайрылып, 2007-жылы туулган Анель Талайбекова аттуу кызы 30-сентябрь күнү саат 22:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып барбаганын билдирген. Белгилери: бою 170-174 сантиметр, чачы күрөң түстө ийнине чейин, көзү күрөң, мурду кырдач. Кийген кийими: Ак толстовка, үстүндө кара жилет, кара шым жана кара ак түстөгү спорт бут кийими. Урматтуу жарандар, Анель Талайбекованы көргөн-билгендер болсо 0312 363527 (нөөмөт бөлүмү) же 102 телефон номуруна билдирсеңиздер болот.