SerepTV Logo

Чүйдө Ахмед Жантаев октябрь айынан бери дайынсыз болуп жатат

Чүйдө Ахмед Жантаев октябрь айынан бери дайынсыз болуп жатат
Чүйдө Ахмед Жантаев дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 28-октябрда Ысык-Ата РИИБге 1959-жылы туулган жарандын жакындары кайрылып, ушул жылдын 26-октябрында Канттагы үйүнөн чыгып кеткен Ахмед Жантаев кайрылып барбаганын билдиришкен. Текшерүүнүн жүрүшүндө жарандын эс-тутум жоготуу менен жабыркары маалым болгон.  Ким-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0505 768876, 0312 61-69-07 номурларына чалсаңар болот.