SerepTV Logo

Чүйдө 59 жаштагы Талант Мырзаев изделип жатат

Чүйдө 59 жаштагы Талант Мырзаев изделип жатат
Аламүдүн ОИИБдин кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон Мырзаев Талант Жамбулович изделип жатат. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 1962-жылы туулган Талант Мырзаев 21-февраль күнү Көк-Жар айылындагы Тынчтык көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып барган эмес. Белгилери: бою 165-170 сантиметр, орто дене түзүлүштө, көздөрү күрөң, чачтары ак баскан. Үстүнө кийген кийими, шымы боз түстө. Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, милиция кызматкерлери төмөнкү номурлар менен байланышууну суранат. Телефон номурлар: 0(312) 36-35-27,  0(504) 77-22-77, 0(999) 21-07-09, 0(709) 21-18-08.
edita