SerepTV Logo

Чүйдө 49 жаштагы Бактыгул Саякбаев изделип жатат

Чүйдө 49 жаштагы Бактыгул Саякбаев изделип жатат
Ысык-Ата РИИБ тарабынан дайынсыз болуп жаткан 1972-жылы туулган Саякбаев Бактыгул Аскерович изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Бактыгул Саякбаев ушул жылдын 24-апрелинде үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып барган эмес. Белгилери: бою 165-170 см, орто дене түзүлүштө, чачы кыска жана кара, көздөрү күрөң. Кийген кийими: ак-кара сызыгы бар футболка, көк түстөгү спорттук шым, бутунда көк түстөгү сланцы. Сүрөттөгү жаранды көрүп-билгендер болсо, милиция кызматкерлери менен төмөнкү номурлар аркылуу байланышсаңыздар болот. Байланыш номурлары: 0(312) 61-69-07, 0(708) 10-21-10.