SerepTV Logo

Чүйдө 42 жаштагы Олег Ильенко дээрлик бир жылдан бери дайынсыз болууда

Чүйдө 42 жаштагы Олег Ильенко дээрлик бир жылдан бери дайынсыз болууда
Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан дайынсыз болуп жаткан Ильенко Олег Сергеевич изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 1979-жылы туулган жаран 2020-жылдын 14-декабрында Кант шаарынын 2-кичи районундагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес. Белгилери: бою 172-177 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кыска кара. Өзгөчө белгилери: үстүнкү жаактагы маңдайкы тиштери жок. Төшүндө карышкырдын сүрөтү тартылган татуировкасы бар. Ал кызыл кофта, спорттук кийим кийип жүргөн.