SerepTV Logo

Чүйдө 36 жаштагы Камчыбек Сеитов 8 жылдан бери дайынсыз болууда

Чүйдө 36 жаштагы Камчыбек Сеитов 8 жылдан бери дайынсыз болууда
Чүйдө 36 жаштагы Сеитов Камчыбек Сатарбекович изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, ал 2013-жылдын 27-июлунда болжол менен саат 22:30 чамасында Аламүдүндөгү "Милиция шаарчасы" жаңы конушунда болгон. Ошондон бери дайынсыз болууда. Белгилери: бою 170 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачтары кара жана кыска, жүзүндө жана мойнунда калдары бар. Кийинген кийими: боз түстөгү футболка, көк түстөгү жынсы, бутунда кара түстөгү сланцы. Сүрөттөгү жаранды көргөн-билгендер болсо, 0(700) 92-00-52, 0(990) 09-11-02 номурларына кайрылсаңыздар болот.