SerepTV Logo

Чүйдө 36 жаштагы Гүлмира Кадырова 4 айдан бери дайынсыз болуп жатат

Чүйдө 36 жаштагы Гүлмира Кадырова 4 айдан бери дайынсыз болуп жатат
Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1985-жылы туулган Кадырова Гүлмира Кенжеевна изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, ал ушул жылдын 15-майында Сокулук айылындагы үйүнөн чыгып кетип, кайтып барган эмес. Белгилери: бою 168 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара, көзү күрөң. Кийген кийими: жайкы кийимчен, башында жоолугу бар. Милиция Гүлмира Кадырова тууралуу маалыматы бар жарандарды төмөнкү телефон номурлары аркылуу кабарлап коюуну суранат: 0 (312) 43-01-27, 0 (312) 43-88-85, 0 (312) 60-75-67, 0 (558) 86-14-86, 0 ​​(709) 35-35-29 (издөө тобу).