SerepTV Logo

Чүйдө 25 жаштагы кыз 2 жумадан бери дайынсыз болуп жатат

Чүйдө 25 жаштагы кыз 2 жумадан бери дайынсыз болуп жатат
Чүйдө 2000-жылы туулган Астра Тыныбек кызы дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 10-январда Сокулук РИИБге жакындары кайрылып, 2000-жылы туулган Астра Тыныбек кызы 7-январда үйүнөн чыккан бойдон кайрылып барбаганын билдирген. Териштирүүнүн жүрүшүндө анын психикалык оору менен жабыркай турганы аныкталган. Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0555 86-14-86, 0312 60-75-67 номурларына чалсаңар болот.