SerepTV Logo

Чүйдө 22 жаштагы жигит сентябрдан бери дайынсыз болуп жатат

Чүйдө 22 жаштагы жигит сентябрдан бери дайынсыз болуп жатат
Чүйдө Мурзакулов Алтынбек Нурлинович дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 2002-жылы туулган жигит ушул жылдын сентябрь айында Петропавловка айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес. Акыркы жолу аны октябрь айында Кара-Балта шаарынан көрүшкөн. Эгер кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0312 221558, 03133 35184, 0507 820869 номурларына чалсаңар болот.