SerepTV Logo

Чүйдөгү балдар үйүнүн 14 жаштагы тарбиялануучусу изделип жатат

Чүйдөгү балдар үйүнүн 14 жаштагы тарбиялануучусу изделип жатат
14 жаштагы Вадим Колесник изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Дайынсыз болуп жаткан Колесник Вадим Александрович 31-март күнү Военно-Антоновкада жайгашкан балдар үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып барган эмес. Милициянын маалыматына караганда, өспүрүм буга чейин бир нече жолу балдар үйүнөн качкан. Акыркы ирет ал 2020-жылдын декабрь айында табылып балдар үйүнүн өкүлдөрүнө өткөрүп берилген болчу. Өспүрүм Бишкекте кайырчылык кылып жүрөт деген маалыматтар бар. Өзгөчө белгилери: бою 145 сантиметр, арыкчырай, чачы, көзү кара. Өспүрүмдү көргөн-билгендер болсо төмөнкү номурлар аркылуу кабарласа болот: Байланыш номурлары: (0312) 43-01-27,(0312) 43-88-85; (0312) 60-75-67; 0558 86 14 86,0701 80 18 03.