Кеминде милиция кызматкерлери эс алуучулардын коопсуздугун алдын алуу иштерин жүргүзүүдө (сүрөт)
Чүй облусунун Кемин районунда милиция тарабынан алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кемин районунун ички иштер бөлүмү тарабынан эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо, тартип бузууларды алдын алуу максатында, эс алуучу жайларга милициянын аймактык тескөөчүлөрү бекитилип, алар бөлүнгөн аймактарында тиешелүү алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө.
5-6-июнь күндөрү Кемин РИИБнин башчысы Талант Мурадилов жана анын орун басары Кубанычбек Карагалдаев милициянын аймактык тескөөчүлөрү менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасы автоунаасы менен Кемин районунун Орловка шаарына жакын жайгашкан эс алуу жайында алдын алуу иштерин жүргүзүштү. Кемин РИИБнин жетекчилиги эс алуучулар менен жолугушуп, аларды бөөдө кырсыктардан алыс болуп, эс алуу жайдын администрациясы тарабынан айтылган коопсуздук эрежелерин так сактоону эскертишти. Ошондой эле балалуу ата-энелерди бөбөктөргө өзгөчө көңүл буруп, алардын кыймыл аракеттерине тыкыр көз салуу зарылдыгы айтылды.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="52440,52441,52442,52443,52444,52445"]