SerepTV Logo

Чыгыш-5 кичи районунда ысык суу менен жылуулук 20:00гө чейин өчүрүлдү

Чыгыш-5 кичи районунда ысык суу менен жылуулук 20:00гө чейин өчүрүлдү

Бүгүн, 14-январь саат 09:00дөн 20:00гө чейин Чыгыш-5 кичи районунда ысык суу жана жылуулук менен камсыздоо убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Ысык суу жана жылуулук төмөнкү үйлөрдө өчүрүлөт:

  • Чыгыш-5 кичи району 6, 7, 10, 11, 12, 18, 19 үйлөрдө;
  • Чүй проспектиси боюнча № 30, 32, 34 үйлөрдө;
  • Санатбаев атындагы Олимпиадалык резерв мектебинде (Чыгыш-5, 20/3) жана №59 бала бакчасында (Чыгыш-5, 18/1).

"Бул күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында, иштеп жаткан жылуулук тармагын жаңыртуу жана жаңы курулган тармакка туташтырууга байланыштуу. Оңдоо иштери кыш мезгилинде да токтобойт, иштер планга ылайык жүргүзүлүүдө", - деп жазылат билдирүүдө.