Чыгыш-5 кичи районундагы гүл бак жаңыртылып жатат
«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык мекемеси Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичи районундагы скверди жаңыртып жатат. Мэриянын маалыматы боюнча, кол чатырдын формасындагы 3 бастырма орнотулган.
Бул гүл бак 2019-жылы курулган. Учурда оңдоо иштеринен кийинки таштандылар тазаланып жатат. Отургучтар менен таштанды салынуучу челектер жаңыртылды.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="49596,49597,49598,49599"]