Куралдуу күчтөр артка кайтарылат, көчүрүлгөн тургундар үйүнө кайтышат. Ташиев менен Ятимовдун сүйлөшүүсү аяктады
Бүгүн, 5-июнда саат 13:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун эки өлкөнүн чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрү аяктады. Экөө кыргыз-тажик чек арасынын нейтралдуу зонасында көрүштү.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин журналисттерге айткандай, 8 пункттан турган протоколго эки тарап кол коюшту. Анын чоо-жайы кийинчерээк жарыяланары билдирилди.
Учурда тараптар чек арадан аскерлерди чыгарып кетүү боюнча макулдашып, кечээ, 4-июнда Чоң-Алай районунда эвакуацияланган жарандар үйүнө кайтышаары айтылды.
[video width="426" height="240" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/06/195266640_4419909471376117_7945695848680385490_n.mp4"][/video]