Кечээ, 27-майдагы Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Аккулу Бердиев Чоң-Алайдагы чек ара маселесин олуттуу кароону суранган эле. Жергиликтүү тургундар депутатка тажик тараптан акырын сокку башталганын маалымдашкан. Бул маселенин чоо-жайын тактоо үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги жергиликтүү тургундар менен байланышты.
Чоң-Алай районунун чек арага жакын жайгашкан Кара-Мык айылынын тургундарынын айтымында, тажик тараптын аскерлери айылга чейин жакындап келишкен. "Кыргыз-тажик чек арасынын ортосунда Унжу-Булак аттуу жайыт бар. Ал айылдан алыс жайгашкан жана көп гектар жерди ээлеп турат. Буга чейин ал жакка тажиктер келчү эмес, жергиликтүү жашоочулар жайлоого чыгып мал жайчу. Учурда кошуна өлкөнүн аскерлери курал менен кайтарышып, ал жерди ээлеп, айылга чейин келип алышты. Айылдан сыртка чыга албайбыз, малды алып кирип кетишүүдө. Айыл тургундары айылдан сыртка чыгышса, тажик тараптан коркутуулар болот. Ошондуктан бул жылы жайлоого чыга албай, малыбызды талаага жая албай калдык”, – дешет айыл тургундары.
Чек ара кызматынын басма сөз кызматы жогорудагы маалыматты четке кагып, чындыкка дал келбейт деп билдиришти.