Кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча соңку сүйлөшүүдөн майнап чыккан жок
Бүгүн, 4-июнга карата Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында абал курч болуп жатканы маалым болгон. Тажикстан тарап контейнер орнотуп алган Унжу-Булак аймагындагы кырдаалды байкоо үчүн ал жакка УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев барды. Ал Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов менен Чоң-Алайда жолугушуп, сүйлөшүүлөр жыйынтыкталып, бирок эки тарап бирдей келишимге келе алышкан эмес. Мындан улам, абал туруксуз бойдон калууда.
Акыркы маалыматтар боюнча, чек арага жакын жайгашкан 3 айылдын жашоочулары коопсуздук үчүн райондун башка айылдарына көчүрүлүп жатат.
[video width="1280" height="720" mp4="https://serep.kg/wp-content/uploads/2021/06/194821079_198902485436197_5667619125050453924_n.mp4"][/video]