SerepTV Logo

Чоң-Алайда талаадан ымыркайдын жансыз денеси табылган

Чоң-Алайда талаадан ымыркайдын жансыз денеси табылган
Ош облусунун Чоң-Алай районунда талаадан ымыркайдын жансыз денеси табылган. Окуя 2024-жылдын ноябрь айында болгонун Ош ОИИБден тастыкташты. Маалыматка караганда, факты 9-ноябрда каттоого алынган. Жергиликтүү ЖМКлар милиция кызматкерлери жолдогу видео көзөмөл аркылуу ымыркай жатканын аныкташканын жазды. 2005-жылы туулган кыз ымыркайдын апасы экени аныкталган. Тергөө уланууда.