"Чоң-Алайда абал тынч эмес". Депутат тез арада чечим кабыл алууга чакырды
Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйында депутат Аккулу Бердиев Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында абал тынч эмес экенин, тажиктер окоп казып жатышканын айтты.
"Чоң-Алайда тактап айтканда, кыргыз-тажик чек арасына жакын келип, тажиктер окоп казышууда. Жарандарда коркунуч пайда болуп жатат" деп ызылдап чалып жатышат. Ошондуктан премьер-министр Мариповдун өзүн, чек ара кызматын чакырып, ушуну укпайлыбы... 1999-жылы чоң кол солуу Чоң-Алайда болгон. Азыр да ошондой коркунуч пайда болуп жатат. Тез арада чечим кабыл албасак, Баткендегиден жаман болот. Ал жакта тосуп чыкканга адамдар аз. Алар Сары-Таш, Гүлчөгө чейин келип калышы мүмкүн", - деди ал.