Чоң-Алай районунун чек ара менен чектешкен айылынан 3 Тажик жараны кармалды (видео)
Кечээ, 27-май күнү түнкү саат 12ге жакын Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдөн келген деп айтылган 3 киши кармалган. Коңшу мамлекеттин жарандары делген адамдардын жанында документтери болгон эмес. Бул тууралуу аталган айылдын тургундары СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маалымдашты.
Бул маалыматты тактоо үчүн Чек ара кызматына байланышканыбызда бул тууралуу маалымат жок экенин билдиришти. Буга чейин УКМКдан кыргыз-тажик чек арасы жабылганын айтышкан эле.