Чоң-Алай районундагы чек арадан 3 тажик жараны өтүүгө аракет кылган. Алар тургундар тарабынан колго түшкөн
Ош облусунун Чоң-Алай районунда Тажикстандын үч жараны кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-майга караган түнү саат 01:30 чамаларында Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын Кара-Тейит айылында Бишкек шаарынан барып, Тажикстанга Кара-Тейит айылы аркылуу чек арадан качып өтүүгө аракет кылган 3 тажик жараны айыл тургундары тарабынан кармалган. 2 тажик жаранынын эч кандай тийиштүү документтери жок болгон. 1 жарандын өзүнө таандык ички паспорту болгон.
Алар:
1. 10.05.2001-жылы туулган Д.Н.
2. 12.09.1977-жылы туулган С.А.
3. 24.08.1979-жылы туулган А.С.
Кармалган Тажик жарандары Кара-Мык чек ара кызматкерлери тарабынан Кара-Мык чек ара заставасына алып барылган. Тажик жарандары Бишкек шаарында кирпич заводдордун биринде иштеп жүргөн, паспорттору ошол заводдо калганын айткан. Окуя боюнча маалымат түшкөн учурда Чон-Алай РИИБдин ыкчам тергөө тобу барган.
Буга чейин бул окуя боюнча Кара-Тейит айылынын тургундары СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кабарлашканын жазганбыз.