Чолпонбай Түлөбердиевдин мүрзөсүнөн алынып келген топурак Оштогу мектептин музейине тапшырылды
Кечээ, 8-майда Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу №34 Чолпонбай Түлөбердиев атындагы орто мектебинде 9-Май — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата “Эрдигиңе таазим” аттуу иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы Орусия кызматташтыгынын Ош шаарындагы өкүлү Дмитрий Аврам катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Иш-чарада Орусиянын Воронеж шаарындагы баатырдын мүрзөсүнөн алынган топурак мектептин музейине өткөрүп берилди. Катышуучулар Чолпонбай Түлөбердиевдин жаркын элесин бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришип, жаңы орнотулган стеллага гүлчамбар коюшту.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="284453,284454,284455,284456,284457"]