SerepTV Logo

Чет өлкөдөн референдумга 54 миңден ашуун кыргызстандык катыша алат

Чет өлкөдөн референдумга 54 миңден ашуун кыргызстандык катыша алат
11-апрелде боло турган референдумга чет өлкөдөн 54 миң 138 кыргызстандык катыша алат. Бул тууралуу БШК маалымдады. Маалыматта айтылгандай, чет өлкөдөгү жарандардын референдумга добуш берүүсүн камсыздоо үчүн бюджеттен 12 миллион сом каралган. Добуш берүү тилкелери 48 шаарда уюштурулат. Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар референдумга форма №2 менен катыша алышат. Шайлоо тизмесинен өзүн тактоо иштери 27-мартка чейин уланат. Жалпы өлкө боюнча 3,5 миллион жаран добуш берүүгө укуктуу.
Unknown Author