SerepTV Logo

Чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандары керектүү документтерди аралыктан ала алышат

Чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандары керектүү документтерди аралыктан ала алышат
Кыргыз Республикасынын чет жакта жашаган жарандары «Суратып алдыртып алуу» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан социалдык-укуктук мүнөздөгү ар түрдүү документтерди сурап ала алышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Мындай чечим чет жерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына көмөк көрсөтүү максатында кабыл алынды. Бул токтомго ылайык, чет жакта жашаган жана жүргөн жарандар мамлекеттик органдардан «Суратып алдыртып алуу» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу онлайн режимде, ошондой эле альтернативдик ыкма (кагаз түрүндө) менен социалдык-укуктук мүнөздөгү ар түрдүү документтерди сурап алдыртып алуу мүмкүнчүлүгүн алышат. «Суратып алдыртып алуу» автоматташтырылган маалыматтык системасынын алкагында салыктык карыз, пенсия, камсыздандырылган адамдын иш мезгилдери, никелешүү укугу, соттолгондугунун жоктугу жөнүндө маалым каттарды сурап, айдоочулук күбөлүктүн жана билими тууралуу документтердин аныктыгын жана башкаларды тастыктоого болот. «Суратып алдыртып алуу» автоматташтырылган маалыматтык системасын ишке киргизүү чет жактагы арыз ээлерине маалыматтарды берүү мөөнөтүн кыскартууга шарт түзөт. Берилген электрондук маалым каттар консулдук кызмат адамынын электрондук колу менен күбөлөндүрүлөт, анын аныктыгын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сайтынан текшерүүгө болот. Бул чечимге премьер-министр кол койду. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндүн ичинде күчүнө кирет.
edita