SerepTV Logo

Чет мамлекеттик миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү “Кумтөргө” барып, кендин иши менен таанышты

Чет мамлекеттик миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү “Кумтөргө” барып, кендин иши менен таанышты
25-июнда дипломатиялык корпустун өкүлдөрү Тышкы иштер министрлигинин чакыруусу менен “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын колдоосу менен “Кумтөр” кенине барышты. Делегациянын курамына Кыргызстанда аккредитацияланган Индиянын жана Улуу Британиянын элчилери, Азербайжандын элчилигинин өкүлү, БУУнун Туруктуу координатору жана башка эл аралык жана республикалык уюмдардын делегаттары кирген. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти. Чет элдик коноктор “Кумтөр Голд Компани” ЖАКка убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенден кийинки ишкананын иши менен таанышты. Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова конокторго канадалык “Центерра Голд Инк” компаниясы дайындаган кендин оператору тарабынан бир катар экологиялык нормалардын аткарылбаганы тууралуу айтып берген. Дипломаттар иштелген порода топтолгон Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн учурдагы абалын өз көздөрү менен көрүшкөн. Учурда ишкана үзгүлтүксүз штаттык режимде иштеп жатканын жана иш коопсуздук техникасын сактоо менен жүргүзүлүп жатканын Динара Кутманова белгилеп өткөн. "Чет мамлекеттик миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү “Кумтөрдө” иштеген жергиликтүү адистердин квалификациясына жана кесипкөйлүгүнө жогору баа беришти. Ишкана кызматкерлери май айында карьердин бортторунун абалына байкоо жүргүзүү жана көзөмөлдөө системалары, ошондой эле мөңгүлөрдүн кыймылынын коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү системасы блоктолгондон соң, алар өз күчү менен жаңы сенсорлорду, жабдууларды орнотуп жана жаңы маалымат программасын ишке киргизүү менен санариптик ресурстарды кайра ийгиликтүү иштете алышканын билдиришти. Ошондой эле сапардын жүрүшүндө кен жайдын негизги өндүрүштүк аянтчалары, калдыктарды сактоочу жай, тазалоочу курулмалар, Петров көлү көрсөтүлдү. Коноктор “Кумтөр” кен ишканасындагы өндүрүштүк ишмердүүлүктүн масштабы жана жүрүшү менен таасирленишти", - деп айтылат маалыматта.