SerepTV Logo

Чет жактагы мекендештер дипломатиялык өкүлчүлүктөн жана консулдук мекемелерден биометрикалык паспорт ала алышат

Чет жактагы мекендештер дипломатиялык өкүлчүлүктөн жана консулдук мекемелерден биометрикалык паспорт ала алышат
Чет жактагы кыргызстандыктар дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн жана консулдук мекемелерден жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортту (биометрикалык паспорт) алса болот. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты. Ведомстводон кошумчалашкандай, 2021-жылдын 20-мартынан тартып чет өлкөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына биометрикалык ички паспортту – ID-картты алуу үчүн шарт түзүлгөн.
Unknown Author