SerepTV Logo

Чет элдик номур менен жүргөн унаалар мыйзамдаштырылып баштады. Кайсы документтер керек?

Чет элдик номур менен жүргөн унаалар мыйзамдаштырылып баштады. Кайсы документтер керек?
Кыргызстанда чет өлкөлүк номур менен жүргөн унаалар мыйзамдаштырылып баштады. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Мыйзамдаштыруу 1-апрелден 1-октябрга чейин созулат. Муну мамлекеттик агенттиктин бардык аймактык бөлүмдөрүндө жасаса болот Кайсы документтер керек? 
  • аккредиттелген лаборатория тарабынан берилген транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздук сертификаты;
  • фотофиксациясы бар визуалдык текшерүү үчүн транспорт каражаты;
  • белгиленген формадагы арыз;
  • өздүгүн тактаган документ;
  • транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк (эгерде бар болсо);
  • транспорт каражатына менчик укугун ырастоочу документ (бар болсо);
  • транспорт каражаты издөөдө эмес, күрөөгө коюлган эмес, үчүнчү жактар ​​менен талаш-тартыштын предмети эмес, камакка алынбаганы жана такси катары пайдаланылбаганы жөнүндө милдеттенме;
  • чек арадан өткөндүгү тууралуу күбөлүк. Ал жок болгон учурда транспорт каражатын ташып келүү күнү 2024-жылдын 31-декабры болуп эсептелет;
  • 100 миң сом өлчөмүндө төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция.
  • Мыйзамдаштырылган унаа ээлерине 10-аймактын номурлары ыйгарылат.
  • Бул унаалар Кыргызстандын чегинен тышкары чыгарылбайт жана такси катары колдонулушу мүмкүн эмес.