SerepTV Logo

Чек арадагы окуядан жабыркаган үй-бүлөнүн балдары Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү

Чек арадагы  окуядан жабыркаган үй-бүлөнүн балдары Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү
Тажиктердин куралдуу баскынчылыгынан жабыркаган Баткен облусунун тургундарынын балдары үчүн  Ысык-Көлгө эс алуу уюштурулууда. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Облустун чек арадагы аймактарынан барган 140 бала, 6 мугалим 10 күн Ысык-Көл облусунда болушат. Андан соң алар Кадамжай районундагы «Семетей» лицейинде да 15 күн эс алышат. Балдар бүгүн, 27-майда Ош аэропорту аркылуу Тамчы аэропортуна учушат. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="48921,48920,48919,48918"]  
Unknown Author