SerepTV Logo

Чек арадагы жаңжалдан улам 33 миңден ашуун адам көчүрүлгөн

Чек арадагы жаңжалдан улам 33 миңден ашуун адам көчүрүлгөн
Чек арадагы жаңжалдан улам 33 миң 338 адам көчүрүлгөн. Алар Баткен облусунун 7 айылынын тургундары. Тагыраагы ок атышуу орун алган аймактан Баткен районунун Ак-Сай, Актатыр, Карабак жана Лейлек районунун Жаңы-Жер, Бешкент, Кулунду айыл өкмөттөрүнөн. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрининин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, жалпы эвакуацияланган адамдардын ичинен чоңдору - 14 миңден ашуун, балдары - 19 миңден ашуун. Учурда аларга керектүү жардам жана колдоо көрсөтүлүп жатат.