Чек арадагы жаңжалда көз жумган 13 жаштагы Мадина Рахматжанованын сиңдисинин бутуна ок тийген
Чек арадагы жаңжалда көз жумган 13 жаштагы Мадина Рахматжанованын сиңдиси Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда дарыланып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика министри Улукбек Кармышаков билдирди.
Анын айтымында, 10 жаштагы кыздын бутуна ок тийген. "Апасы оор жаракат алган. Биздин дарыгерлердин жардамы менен айыгып баратат. Биз жаракат алган жарандарды көргөнү барганда, аларды тик учак менен аткандарын айтып беришти. Алар (тажиктер) балдарды көрүп турушса дагы ок атууну токтотушкан эмес", - деди ал. 29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен 13 жаштагы Мадина Рахматжанова көз жумган. Анын сөөгү 30-апрелде жерге берилген.