SerepTV Logo

Чек арачылар кадимки тартипте иштей башташты

Чек арачылар кадимки тартипте иштей башташты
Кыргыз-тажик чек арасындагы чек арачылар күчөтүлгөн тартиптен кадимки тартипке өтүп иштей баштады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. "Тараптар кошумча тартылган күчтү артка кайтарды. Кыргызстандын Чек ара кызматынын бөлүмдөрү кадимки тартипте кызмат өтөөгө өттү", - деп айтылат маалыматта. 4-июнга караган түнү саат 03:00дөр чамасында тажик тарап Чоң-Алай районунун Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип, контейнер коё баштаган. Ошол эле учурда тажик аскерлери автоунаа жана жеңил брондолгон техникалары менен топтолгону байкалган. Кыргыз өкмөтү муну менен буга чейин жетишилген кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын келишими бузулганын белгилеген. Бирок Тажикстандын ТИМи аскердик наряд Тажикстандын өзүнүн аймагында, буга чейин такталган, эки тараптын биргелешкен протоколу менен макулдашылган жеринде турганын билдирген. Кийинчерээк эки өлкөнүн Чек ара кызматынын жетекчилери сүйлөшүп, макулдашкан протоколу жарыяланган. Анын негизинде эки тараптын тең аскерлерин артка кайтаруу тууралуу жазылган. 6-июнда Тажикстандын аскерлери койтейнерин алып кетишти.