"Чек ара маселесин чечип бериӊиз" деп чыркыраган SUPERTV'нын каарманын президент кабыл алды
SUPERTV каналы март айынын башында кыргыз-тажик чек арасында жашоодон корко турганын айтып, бул маселени чечип берүүнү суранып президентке интернет аркылуу кайрылган бала менен маектешкен эле. Маекте Баткендин Көк-Таш айылында жашаган 12 жаштагы Адил Абдурахимов чек арадагы көйгөйлөргө токтолуп, президентке кайрылган. Мындан тышкары ал дээрлик эки апта мурда болгон чек ара жаңжалынын күбөсү. Бала атасы да чек аранын айынан Орусияда убактылуу кармоочу жайда отурганын айтып, президенттен жардам сураган эле.
Бул маектен кийин президент Садыр Жапаров Адил Абдурахимовду жолугушуу үчүн чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Галина Байтерек ырастады.
Учурда алар резиденцияда жолугуп, сүйлөшүп жатышат.
https://youtu.be/jO6CZzy3Z8I