Ташиев менен Өзбекстандын башкы чекисти жолугат
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстандын УКМКнын төрагасы Саймумин Ятимов жолугушат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 15-марттан 18-мартка чейин Тажикстандын Согди облусунун Худжанд шаарында чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк комиссияларынын кезектеги отуруму болот.
“Кыргыз делегациясынын өкмөттөр аралык комиссиянын төрагалыгын УКМКнын башчысы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев жетектейт, ал эми тажик тараптан ушундай эле комиссияны Тажикстандын УКМКнын төрагасы, генерал-полковник Саймумин Ятимов жетектейт.
Бул дагы алардын атайын кызматтарынын башчылары катарындагы биринчи жолугушуусу, ошондуктан, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулоодон тышкары, эки тараптуу кызматташуунун алкагында биргелешкен иш-аракетинин башка актуалдуу маселелерин талкуулап, анын ичинде ар кандай тышкы чакырыктарга жана эки мамлекеттин коопсуздугуна келтирилген сырткы коркунучтарга биргелешип каршы туруу пландаштырылууда”, - деп айтылат маалыматта.