SerepTV Logo

Чек ара жаңжалы. Каттоо кызматы 117 тургундун документтерин калыбына келтирет

Чек ара жаңжалы. Каттоо кызматы 117 тургундун документтерин калыбына келтирет
Мамлекеттик каттоонун кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак учурунда жапа чеккен жарандарды документтештирүү боюнча иштерди жүргүзүштү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Көк-Таш, Максат айылдарында жана Баткен шаарында мобилдик калкты тейлөө борборлору тез арада жоголгон документтерди калыбына келтирүү боюнча арыздарды алышкан. "49 паспорт, 34 туулгандыгы тууралуу күбөлүк, 10 нике күбөлүгү, 12 айдоочулук күбөлүк, 1 транспорттук каражатты каттоо жөнүндө күбөлүк, 7 өлүм жөнүндө күбөлүк - алардын алтысы калыбына келтирүү, бирөөсү жаңыдан алуу боюнча арыздар кабыл алынды. Мобилдик топтун кызматкерлери бардык керектүү формаларды толтуруп, сүрөткө тартып, керектүү маалыматтарды топтошту. Мындан тышкары, Калкты тейлөө борборунун мобилдик тобу Баткен коогалаңында ID-паспортторун жоготкон төрт жаранды документтештирүү кызматын жеринде көрсөттү", - деп айтылат маалыматта.